Туристтик сезон: Ысык-Көл жана Чүйдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук текшерилди

Аймак Загрузка... 26 Май 2026 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго карата даярдык иштерин күчөттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, ичүүчү суунун сапаты жана туристтик инфраструктуранын абалы өзгөчө көзөмөлгө алынууда. Бул максатта саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова баштаган жумушчу топ Чүй жана Ысык-Көл облустарында мониторинг жүргүздү.

Текшерүү туристтердин агымы жогору болгон Кемин, Токмок, Балыкчы шаарларын жана Ысык-Көл районун камтыды. Анда пансионаттардын, коомдук тамактануу жайларынын жана маршрут боюндагы инфраструктуранын (анын ичинде дааратканалардын) санитардык абалына, тез бузулуучу тамак-аш азыктарынын сакталышына жана таза ичүүчү суу менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийден улам, иш-чаралар айып пул салбастан, профилактикалык мониторинг жана консультация берүү форматында өттү.

"Биз үчүн жарандардын жана өлкө конокторунун коопсуз шарттарда эс алуусу маанилүү. Ошондуктан бүгүнкү күндө жер-жерлерде түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө", - деди Гүлбара Ишенапысова.

Мындан сырткары, ушундай эле даярдык көрүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кеңейтилген кеңешме Ош жана Жалал-Абад облустарынын санитардык кызматтары үчүн да өткөрүлдү.

Белгиленгендей, туристтик аймактарда көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу тапшырмалары берилди.