Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Колумбияда кеминде 14 адам каза таап, болжол менен 50 миң үй-бүлө үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, өлкөнүн түндүгү суу астында калды. Суу ташкынына катуу жааган жамгыр себеп болду. Сину дарыясы жээгинен ашып, отузга чакты муниципалитетке зыян келтирди. Кырсык 150 миңден ашык адамга таасирин тийгизди.
Куткаруучулар окуя болгон жерде куткаруу жана жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүп жатат. Суу каптаган үйлөрдөн куткарылган үй жаныбарлары үчүн болжол менен 11 тонна тамак-аш жана ветеринардык каражаттарды жөнөтүлөрү айтылды.
Буга чейин Мадагаскардын чыгыш жээгин тропикалык циклон каптаган. Ал катуу жаан-чачын, жер көчкү жана секундасына 70 метрге чейин жеткен бороон-чапкынды ала келген.