Комитет депутаттын статусу жөнүндө мыйзам долбоорун III окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Май 2026 11:10
4135893.c76740cc44f.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев демилгелеген.

Документ аталган мыйзамдын 33-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана депутаттар үчүн негизги жумушунан тышкары уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн так аныктоого багытталган. Алсак, мандаттан мыйзамсыз ажыратуу тобокелдиктерин четтетүү максатында "илимий", "педагогикалык" жана "чыгармачылык" ишмердүүлүк түшүнүктөрүн чечмелөөдөгү бүдөмүк жагдайларды жоюу сунушталууда.