Комитет ТМУнун санариптик экономика жаатындагы макулдашуусун II окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Май 2026 11:25
6.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Бул документ 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өткөн ТМУнун саммитинин алкагында кол коюлган. Макулдашуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы санариптик экономика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.