Комитет Жамангуловду санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 01 Апрель 2025 17:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 1-апрелдеги жыйында Азамат Жамангуловду санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, колдоого алды.

Азамат Жамангуловду кызматка дайындоо жөнүндө президенттин сунушун президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. 

Анда айтылгандай Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги болуп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу министрлик кызматка Азамат Жамангуловдун талапкерлиги кайрадан сунушталды.