Конгодо шахтада жер көчүп, 11 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 10 Февраль 2026 09:10
a89cb14c-213f-44af-a6c3-252212552f7d.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Конгонун түштүгүндөгү шахтада жер көчкүнүн кесепетинен 10дон ашык адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Actualite порталына шилтеме келтирип жазды.

Маалымат боюнча, узакка созулган жаан-чачындан кийин мыйзамсыз жез жана кобальт казылып жаткан шахтада жер көчкү жүргөн. Анын кесепетинен кеминде 11 адам каза болуп, 6 адам жаракат алган.

10 миңге чейин мыйзамсыз кенчилер иштеген ачык шахта Конгонун Луалаба провинциясынын борборунан 20 чакырым алыстыктагы Тилвезембе районунда жайгашкан. Ал жакта иштер акыркы 8 айдан бери суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам токтоп тургандыгы айтылды.