Бишкекте, 20.04.26. /Кабар/. Бишкекте курулуш объектисине эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы жарандар тарабынан видео кайрылуу келип түшкөн. Анын негизинде курулуш объектисине карата текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Белгиленгендей, Шопоков көчөсү 121 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу көп функционалдуу комплекстин курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай, объект атайын тосмо менен курчалган эмес.
Аталган факт боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн “Танар Групп” ЖЧКсына карата расмий түрдө эскертүү берилип, бүгүнкү кундө курулуш объектисине тосмо орнотулду.