Пенсиялык топтомо: Кореяда иштеп келген 100дөн ашык жаран төлөмдөрүн алды

Экономика Загрузка... 24 Апрель 2026 12:50
174478711867ff56ae9c2d1.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган Кыргызстандын жарандары кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 144 жаран кайрылган.

Анын ичинен 107 жаранга төлөм дайындалып, толугу менен төлөндү, 37 жаран учурда чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 789 долларды түздү.