Кыргызстан менен Вьетнам кош салык салууну жоюу боюнча макулдашты

Экономика Загрузка... 24 Апрель 2026 16:10
photo_2026-04-24_15-16-25.jpg
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. 21–23-апрелде Ханой шаарында Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар макулдашуунун долбоорунун жоболорун кеңири талкуулашты. Бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Жыйынтыгында тараптар аталган макулдашуунун долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашты.

Түзүлүп жаткан макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине карата кош салык салууну жоюу болуп саналат. Бул, өз кезегинде, Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

photo_2026-04-24_15-16-28.jpg