Күрүч экспорту: Өзгөндө “Eco Uzgen Kuruch” муниципалдык ишканасы ачылат

Аймак Загрузка... 15 Апрель 2026 09:47
1fa1f339d83cbafe279440b519a78a97-1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Өзгөн районунда муниципалдык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалууда. Бул тууралуу район акими Каныбек Апбасов президент Садыр Жапаровго Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүү абалы менен тааныштырганда билдирди.

Аким белгилегендей, Жазы айыл аймагында муниципалдык мал базары курулат. Ал эми Төрт-Көл айыл аймагында ”Береке” муниципалдык базары пайдаланууга берилет.

Ошондой эле Өзгөн күрүчүн таңгактоо жана экспорттоо боюнча “Eco Uzgen Kuruch” муниципалдык ишканасы ишке киргизилет.