Крымда аскердик учак кулап, 29 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 01 Апрель 2026 08:55
f90a496b-2ad0-4254-85a2-c32c39574d10.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26 /Кабар/. Крымда Ан-26 аскердик-транспорттук учагы кулап, анын ичинде болгон 29 адамдын баары каза болду. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.

Маалым болгондой, кырсык күн мурун пландуу учуу учурунда болгон. Учак менен байланыш мурда эле үзүлүп, кийинчерээк ал аскага урунганы аныкталган.

Издөө-куткаруу тобунун маалыматына ылайык, кырсык болгон жер табылып, борттогу бардык адамдар каза болгону тастыкталды. Анда алты экипаж мүчөсү жана 23 жүргүнчү болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн. Учакка сырттан кандайдыр бир таасир болгон белгилер катталган эмес. Учурда окуя болгон жерде аскердик ведомствонун комиссиясы иш алып барууда.