Суроо-талап жогору жети товар: Өлкөнүн жашылча-жемиш экспортундагы жаңы көрсөткүчтөр

Экономика Загрузка... 02 Июнь 2026 17:50
5633477.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жыл башынан бери Кыргызстан мөмө-жемиш жана жашылча-жемишти экспортко чыгарууда. Айыл чарба продукциялары бүгүнкү күндө бир катар мамлекетке жөнөтүлүп жатат. Негизги экспорттук багыттар болуп Россия менен Казакстан саналат. “Кабар” агенттиги 2026-жылдын 5 айында өлкөнүн тышкы соодасында суроо-талапка ээ мөмө-жемиш жана жер-жемиштерди тизмектеп, экспорт көрсөткүчтөрүнө саресеп салат.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.26.50 (1)

Жыл сайын жаз алдында дыйкандарга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ар бир облустун климаттык шартына жараша кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү керектиги тууралуу сунуштарды берет. Ошондой эле дыйкандарга өсүмдүктөрдү тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу боюнча кеп-кеңештери айтылып келет. Анткени бул система түшүмдүүлүктү жогорулатып, коротулган каражаттарды актаганга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле дыйкан-фермерлерге продукцияларын кайда экспорттоо керектиги боюнча, кандай документтер талап кылынары жана бардык жол-жоболору тууралуу жардамдар көрсөтүлөт.

FB_IMG_1777526_yU1JAI4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Быйыл да Кыргызстан өткөн жылдагыдан кем эмес көлөмдө жаңы бышкан айыл чарба продукцияларын экспорттоодо. 2026-жылдын башынан бери (январь-май) өлкөдөн 18 миң тоннадан ашык мөмө-жемиш жана жер-жемиш сатылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдүн тышкы карантини бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Эркебаев билдирди.

Анын айтымында, продукциянын басымдуу бөлүгү Казакстан менен Россияга жана андан бир аз азырак көлөмдө коңшу Өзбекстан менен Тажикстанга жөнөтүлгөн.

“Январь-май айларында жалпысынан 12 миң 700 тонна мөмө-жемиш экспорттолду. Мында өрүк, жүзүм, алча, анар, алмурут, кара өрүк, алма бар. Алар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Катарга жиберилди. Атап айтсак, Россияга жүзүм, өрүк, алча, алма экспорттолсо, Казакстанга алмурут, алча, алма сатылган. Тажикстан менен Өзбекстанга 1797 тонна алма жөнөтүлгөн. Катар мамлекетине 0,2 тонна жүзүм жиберилген”, - деди ал.
WhatsApp Image 2026-06-02 at 11.19.48

Ошондой эле Исхак Эркебаев белгилегендей, Кыргызстандан тышкы рынокко жер-жемиштер да аз эмес көлөмдө чыгарылат. Айрыкча жыл башынан бери кулпунай эң көп экспорттолду.

WhatsApp Image 2026-06-02 at 11.19.48 (1)

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жети айыл чарба товарына суроо-талап жогору экенин байкасак болот.

Жыл башынан бери экспорттолгон товарлар:

  • алма - 8 331,8 тонна
  • кулпунай - 5 339,7 тонна
  • алча - 2 493,9 тонна
  • өрүк - 825,7 тонна
  • алмурут - 542,7 тонна
  • мандарин - 647,1 тонна
  • жүзүм – 250,3 тонна
8be91ef9e9a651cbfee_tOuAh5t.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Акыркы жылдары асылдуулугу төмөн жерде жакшы өсө турган мөмө-жемиштерди өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Багбандар өрүктүн кургакчылыкка чыдамдуу, асылдуулугу төмөн топуракта да түшүм бере турган түрлөрүн өстүрүп жатышат. Ошондой эле суукка чыдамдуу, шире жана тамак-аш өнөр жайында суроо-талабы жогору алча өстүрүүгө да маани берилүүдө.

WhatsApp_Image_2025_PTpnMFL.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Ошол эле маалда кулпунайды өстүрүүгө ыктагандар да жок эмес. Алардын бири Баткен облусунун тургуну Муса Юлдашев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен сууну үнөмдүү пайдалануу максатында тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп, 2 гектардан ашык жерге кулпунай өстүрүүдө.

WhatsApp_Image_9WT69Gh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Алгачкы түшүмүн апрель айынан бери жыйнай баштаган. Продукция Казакстан менен Россияга сатылууда.

“Бизге айылдан эки гектар жер бөлүп берилген. Ошондой эле “Кызыл Алтын” кооперативибиздин дагы 18 гектардай жерин бириктирип кулпунай өстүрүп жатабыз. Мына азыр ийгиликке жетишип, жакшы пайдага кирип жаткан убагыбыз. Быйыл бир гектардан 30-35 тонна кулпунай жыйналды. Көбүнчөсү Казакстан менен Россияга экспорттолду”, - деди дыйкан.

Муса Юлдашевдин айтымында, кулпунайдын жаздан күзгө чейин быша турган сорттору бар. Бүгүнкү күндө Ак-Турпак айыл өкмөтүндө “Альба” жана “Клери” сорттору өстүрүлүүдө. Анткени булардын түшүмдүүлүгү жогору.

“Көчөттөрдү Европадан алдырып келгенбиз. Үч жылдан бери тамчылатып сугаруу системасын пайдаланып, азыр жакшы натыйжаларга жетишип жатабыз. Айылдын кармагындагы айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө алып, ишкердигибизди дагы да кеңейтсек деген пландарыбыз бар. Ошондой эле логистикалык борбор курулуп калса, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз дагы да жогорулайт эле. Бүгүнкү күндө талаа жумуштарына 50дөй кишини кабыл алабыз. Ал эми сезон маалында жумушчулардын саны 100гө чейин жетет. Иштин көлөмү канчалык көп болсо, жергиликтүү тургундарды ошончолук жумуш орундары менен камсыздайбыз”, - деди дыйкан.

Белгилей кетсек, жаз айларында эрте быша турган мөмө-жемиш жана жер-жемиштердин экспорту кызыса, мындан ары капуста, сабиз, картошка жана башка өсүмдүктөрдү сатуу иштери кызыйт.

Дыйкандардын жер иштетүүгө басым жасашына мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолордун да жардамы тийүүдө. Маселен, агроөнөр жай багытында жеңилдетилген насыяларды алуу менен ишин илгерилеткен дыйкандар көбөйүүдө.

WhatsApp_Image_2026_7wTqsfX.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан 60тан ашык айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө экспорттоодо. Экспорттун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын үлүшү басымдуулук кылат.

Бул өлкөдө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын көрсөтөт. Өзгөчө ЕАЭБ өлкөлөрү негизги соода өнөктөштөр бойдон калууда.