Кумтөрдүн эң чоң байлыгы алтын эмес, анын кызматкерлери – Идирисов

Коом Загрузка... 16 Июль 2026 12:00
492536186_1453540266078615_1435083248446380647_n.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кумтөрдүн эң чоң байлыгы алтын эмес, анын кызматкерлери. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

394218.jpg

Анын айтымында, алтын өндүрүү процесси карьерден же фабрикадан эмес, геологдордун чалгындоо иштеринен башталат.

"Геологдор кендин курамын, көлөмүн жана мүмкүнчүлүгүн аныктап, кийинки бардык өндүрүш этаптарына негиз түзөт. Эгер баштапкы эсептөөлөрдө ката кетсе, бул бардык процесске терс таасирин тийгизет.
Чалгындоодон кийин материалдар инженерлерге, технологдорго жана экономисттерге өткөрүлүп, техникалык-экономикалык негиздеме даярдалат. Кен пайдалуу деп табылгандан кийин гана карьердеги негизги иштер башталат.
Карьерден казылып алынган кен фабрикага жеткирилген соң, татаал технологиялык процесстер жүрөт. Бул жерде металлургдар, лаборанттар, инженерлер жана башка адистер биргелешип иш алып барып, өндүрүштүн так жана коопсуз жүрүшүн камсыздайт",- деди ал.

Идирисов белгилегендей, компания биринчи кезекте кызматкерлердин коопсуздугуна, билимине, кесиптик өсүшүнө жана жашоо-шарттарына көңүл буруп, инвестиция салат. Ошондой эле ал өз сөзүндө кенди иштетүүдө жаш адистерге өзгөчө басым жасаларын кошумчалады.