Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди парламентте тааныштырган Камчыбек Ташиевдин баяндамасына жогору баа берди. Парламенттин экс-спикери УКМК төрагасы бул маселени терең изилдеп, документтин бардык кынтыктарын тыкыр түшүндүрүп бергенин баса белгиледи.
«Согуш жана тынчтык маселеси чечилди деп ишеничмдүү түрдө айта алам. Ал эми Кыргызстандын бийлиги коюлган милдетти мыкты аткаргандыгын баса белгилей кетүү керек.
Чек ара эки тараптан тең көзөмөлгө алынышы үчүн Бишкек менен Душанбе бул маселе боюнча макулдашканын, "айрымдарга" бардык тийиштүү жерлери оңдолуп-түзөлүп, баары эске алынганын эскертип кетким келет. Эгер кимдир бирөө дагы эле түшүнө элек болсо, Кыргызстан менен Тажикстан эчак согушчан риторикадан баш тартып, стабилдүүлүккө жетүү үчүн өз ара эпке жана компромисске келишкен.
Ташиев маселени жакшы изилдеп, баардык нюанстарды билет, ал парламентке ынанымдуу баяндамасын берди. Ар тараптуу түшүндүрмөлөр берилди. Чек ара боюнча суроолорду мындан ары түшүнүгү өтө тарлар гана берет. Мен муну КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинде 11 жыл “эл аралык укук” боюнча лекция окуган адис катары айтып жатам.
Мындан тышкары, тарых илимдеринин доктору жана конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин экс-төрагасы катары мен дипломатиянын ийгиликтери тууралуу жыйынтык чыгарам», - деп жыйынтыктады Зайнидин Курманов.