Бишкек, 12.06.26 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев жол кыймылынын эрежелерин автоматтык түрдө аныктоого багытталган заманбап "Оракул-Инсайт" аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган жаңы кайгуул кызматтык унаасын тааныштырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, жаңы система жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын реалдуу убакыт режиминде фото жана видео аркылуу каттайт.
"Анын ичинде ылдамдык режимин бузуу, каршы тилкеге чыгуу, токтотуу жана токтоп туруу эрежелерин сактабоо, транспорт каражатын башкарып бара жатып уюлдук телефон колдонуу, коопсуздук курун тагынбоо сыяктуу мыйзам бузуулар автоматтык түрдө аныкталат. Ошондой эле жолдогу транспорт агымын жана жалпы кыймыл кырдаалын көзөмөлдөйт", - деп айтылат маалыматта.
Комплекстин негизги артыкчылыгы — кайгуул унаасы кыймылда жүргөн учурда дагы мыйзам бузууларды аныктап жана каттай ала тургандыгы.
Белгиленгендей, жакынкы келечекте мындай аппараттык-программалык комплекстер менен кызматтын бардык кайгуул унааларын жабдуу пландалууда. Бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагын санариптештирүүгө жана жол эрежелерин бузуу фактыларын алдын алууга чоң салым кошот.