Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды

Аймак Загрузка... 22 Май 2026 16:05
copyright icon "Кыргызавтожол" МИ

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунда Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырым аралыгы асфальтталды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, анын алкагында Семёновка – Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл–Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланууда.

"Жалпысынан 35 чакырым жолду оңдоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 18 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул жол Кырчын жайлоосуна алып баруучу негизги каттамдардын бири болуп саналат. Жолдун жаңыланышы аймакка келген эс алуучулардын агымын көбөйтүүгө, ошондой эле алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт.