Кыргыз-беларусь бизнес форуму: 5 млн доллар өлчөмүндө келишимдерге кол коюлду

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 11:48
9ce49ab8-60d5-460a-890a-beca12466b1d.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргыз-беларусь бизнес форумунун алкагында 21 келишимге кол коюлду.

Бул документтердин жалпы суммасы 5 млн АКШ долларын түзөт.

Келишимдер эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык алакаларды арттырууга багытталган.

Документтер атайын техникаларды, курулуш материалдарын, кондитердик азыктарды, дары-дармек каражаттарын жеткирүүлөрдү жана башка пландарды ишке ашырууну көздөйт.