Кыргыз-беларусь ишкерлер кеңеши түзүлдү

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 16:05
1100281295_0_160_3072_1888_1920x0_80_0_0_1dc070371f3ca1353009f1d6839e5918.jpg.webp
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргыз-беларусь ишкерлер кеңеши түзүлдү.

Бишкекте өткөн кыргыз-беларусь бизнес форумунун алкагында аталган ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Жаңы түзүм эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүү, инвестициялык демилгелерди колдоо жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн туруктуу аянтчага айланат.

Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө салым кошот деп белгиленүүдө.