Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде жаңы демөөрчүлүк жана өнөктөштүк келишимдерге кол коюлду.
Биримдиктен билдиришкендей, айрым иштеп жаткан келишимдердин мөөнөтү да узартылды.
Бул иш-чара өлкөдөгү футболдун өнүгүшүнө кызыкдар болгон бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөдөгү маанилүү кадам болду.
Белгиленгендей, КФБ тарабынан келишимдерге Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки кол койду.
Жаңы келишим түзүлгөн расмий өнөктөштөр жана алардын статустары:
- "Шоро" ЖАК (LEGENDA СМ) — Улуттук курама команданын расмий суусу;
- "Кыргызстан аэропорттору" ААК — Улуттук курама команданын расмий демөөрчүсү;
- "Кыргыз темир жолу" МИ — Улуттук курама команданын расмий демөөрчүсү;
- "НСК" ЖАК — Улуттук курама команданын расмий камсыздандыруу компаниясы.