Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. 24-май күнү Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын колдоого арналган ири күйөрмандар маршы өттү.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жүздөгөн күйөрмандар Үч улуттун кубогунун беттештеринин алдында команданы колдоо үчүн биригишти.
Марштын катышуучулары темир жол вокзалынын жанында чогулуп, мамлекеттик желектерди, улуттук курама команданын атрибутикаларын, баннерлерди жана ураандарды көтөрүп, борбор калаанын көчөлөрү аркылуу жүрүш жасашты. Иш-чаранын атмосферасы биримдикке, патриоттук маанайга жана футболдук энергияга бөлөндү.
Акцияга жаштар, балалуу үй-бүлөлөр, активдүү күйөрмандар жана шаардын ар кайсы аймактарынын тургундары катышты.
Эске салсак, июнь айында Кыргызстандын улуттук курама командасы Үч улуттун кубогуна катышат.
3-июнда Кыргызстан курама командасы Кенияга каршы, ал эми 9-июнда Палестинага каршы оюн өткөрөт. Беттештер Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюндардын башталышы - саат 18:30да.