Кыргыз-кытай инвестициялык кызматташтыгы кеңейүүдө

Экономика Загрузка... 22 Апрель 2026 19:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Gansu Feitian International Trading Company компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда өз ара ишенимге, коңшулукка жана өз ара пайдага негизделген өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тоо-кен өнөр жайы, транспорттук жана шаардык инфраструктура, энергетика, суу ресурстары, өнөр жай жана логистика багытындагы долбоорлор талкууланды.

"Кыргызстан эл аралык инвесторлор үчүн ачык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин сунуштайт. Биз бизнес жүргүзүү үчүн туруктуу жана ачык-айкын шарттарды түзүп, долбоорлорду бардык этаптарында коштоп келебиз", – деди Сабиров.

Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин, инвестициялык преференцияларды, эркин экономикалык аймактарды, ошондой эле региондордогу кошумча мүмкүнчүлүктөр дагы каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция тартууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.