Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши эки элдин тең утушу болду - Матубраимов

Пикир Загрузка... 31 Март 2025 12:31
WhatsApp Image 2025-03-31 at 09.31.08.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши эки элдин тең утушу болду. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимов билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселеси эч качан бир тараптын кызыкчылыгына чечилбейт. Сөзсүз түрдө бир жеринен жеңилүү, бир жеринен утуш болот. Маселе туруктуу чечилмейин, эки өлкөнүн чыры улана берет.

“Эгерде бардык жактан каршы келе берсек анда чек араны тактап, чечүүгө мүмкүн болбойт. Бул эки өлкө башчынын эле эмес, кыргыз-тажик элинин дагы жеңиши. Чек аранын чечилиши менен эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык, дипломатиялык маселелердин чечилишине жол ачылат. Маселени жолго коюу эки элдин карым-катнашы, соода-сатыгы жана коопсуздугу үчүн керек эле. Муну менен катар бул эки мамлекеттин коопсуздугу, тынчтыгы жана келечеги үчүн жакшы саамалык. Биздин эң жакшы жетишкендигибиз жана ийгилигибиз десем жаңылбайм. Маселенин чечилишине тарых өзү баа берет”, - деди ал.