«Кыргызстан аэропорттору» ААК жана COMAC Ош-Кашгар авиакаттамын ишке киргизүү маселесин талкуулашты

Бизнес Загрузка... 30 Январь 2026 18:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Кыргызстан аэропорттору» ААК Кытайдын COMAC (Commercial Aircraft Corporation of China) авиакуруу корпорациясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө эки тараптуу авиациялык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги талкуулангандыгын маалымдайт.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болуп ушул жылдын апрель айында ишке киргизүү пландалып жаткан жаңы Ош – Кашгар эл аралык авиамаршрутун ачуу болду. Бул жаңы каттам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле соода-экономикалык, туристтик жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушуунун алкагында COMAC өз өндүрүшүндөгү аба кемелерин активдүү пайдаланып жаткан Chengdu Airlines авиакомпаниясынын акционери экендиги белгиленип, Ош – Кашгар багыты боюнча каттамдар COMAC C909 учактары менен аткарыла тургандыгы болжонууда.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК бул долбоорду эл аралык маршруттук тармакты өнүктүрүүдөгү жана Кытайдын алдыңкы авиациялык компаниялары менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам катары эсептейт.

Компания Кыргыз Республикасынын жарандары жана бизнеси үчүн учуулардын географиясын кеңейтүү жана авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча системалуу ишин улантууда.