Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы тышкы саясаттын чоң ийгилиги. Бул тууралуу саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Кабар” агенттигине билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстан мындай эң чоң жетишкендикке президент Садыр Жапаров жүргүзгөн тышкы саясаттын аркасында жете алды.
“191 мамлекеттин ичинен 142 добуш алуу чындап эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы позитивдүү имиджин көрсөтөт. Анткени көптөгөн өлкөлөр бул мамлекеттин дүйнөлүк коопсуздукка кошкон салымына ишенимин билдиришкен. Бул өзгөчө Кыргызстан сыяктуу ири экономикалык же аскердик күчкө ээ эмес мамлекет үчүн чоң дипломатиялык жеңиш болуп эсептелет”, - деди ал.
Ошондой эле саясат таануучу Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болорун тизмектеп берди.

Саясий таасирдин күчөшү. Коопсуздук кеңеши дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукка байланыштуу чечимдерди кабыл алат. Туруктуу эмес мүчө катары Кыргызстан дүйнөлүк күн тартибине таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Эл аралык абройдун жогорулашы. 191 өлкөнүн ичинен 142 добуш алуу дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанга болгон ишениминин көрсөткүчү. Бул Кыргызстандын саясаттагы салмагын дагы да арттырат.
Өнүктүрүү долбоорлоруна жетүү. Коопсуздук кеңешиндеги өкүлчүлүк Кыргызстанга эл аралык каржы институттарынан, донор өлкөлөрдөн көбүрөк колдоо алууга шарт түзөт.
Коопсуздук маселелерин көтөрүү. Кыргызстан өзү үчүн маанилүү болгон аймактык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселелерди дүйнөлүк деңгээлде көтөрө алат.
Тажрыйба алмашуу. БУУнун механизмдеринде иштөө кыргыз дипломаттарына баалуу тажрыйба берет, бул узак мөөнөттө мамлекеттин тышкы саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатат.