Кыргызстан электрондук билерикти колдонууну аймакта жаңы деңгээлге чыгарды

Коом Загрузка... 13 Май 2026 13:25
1099268929_101_0_1180_719_600x0_80_0_0_6c62eda42d8856a5f0a135a0157cad0e.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Биз айыпталган же соттолгон адамдарга карата өзгөчө бөгөт коюу чарасы катары электрондук билериктерди колдонууну Борбордук Азия аймагында жаңы деңгээлге чыгардык. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, электрондук билериктер мурда үй камакка чыкканда инструмент катары колдонулса, азыр өзүнчө бөгөт коюу чарасы катары колдонулууда.

“Электрондук билериктерди биз 3 категория боюнча колдонобуз. Эң биринчиден 2024-жылдын май айынан баштап Пробация департаментинин кардарларына карата колдондук. Ал жакшы натыйжасын бергенден кийин электрондук байкоо, кылмышка чектөөлөргө колдонуп баштадык. Жакында эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы соттун же тергөөчүнүн чечими менен аларга да колдонула баштады. Азыр өзүбүздүн программалык камсыздообуз, мониторинг борборубуз бар. Ал жерде күнү-түнү кызматкерлер иш алып барып, көзөмөлдөп турушат. Электрондук билериктерди айыпталган же соттолгон адамга биздин кызматкерлер өздөрү тагып, өздөрү чечишет. Биз электрондук билерик тагылган адамды онлайн режимде көзөмөлдөп турабыз”,- деди Юстиция министрлигинин өкүлү.

Белгилүү болгондой, Юстиция министрлигинин демилгеси менен GPS көзөмөлдөө, электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөө платформасы 2024-жылы жаңы бөгөт коюу чарасы катары ишке ашырылган.

Мында негизги максат тергөө абактарында турган адамдардын санын азайтуу, аларды сыртта үй-бүлөсүнүн жанында кармоо болуп саналат.

Юстиция министрлигинин өкүлү өз презентациясынан маалымдагандай, биринчи электрондук билериктер бизнес жаатындагы адамдарга багытталган. Алар иштеп, тийиштүү акчасын таап, ошол эле учурда мамлекетке салык төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Андан кийин аларды криминал жаатынан чыгарганга жол ачылат.

Электрондук көзөмөлдөөнү ишке ашыруунун натыйжасында 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 2,5 миң эсе адам жаза өтөп абактарда отурбастан, тергөө абактарынан чыгарылган.