Кыргызстан Евразияда транзиттик борборго айланууда

Экономика Загрузка... 21 Апрель 2026 17:55
1.webp
copyright icon ЖИ

Кыргызстан Евразия континентинин борборундагы ыңгайлуу географиялык абалына таянып, эл аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды түзүүдө жана өнүктүрүүдө, өзгөчө Чыгыш – Батыш багыты боюнча, ошондой эле Борбор Азиянын аймактык каттамдарынын алкагында маанилүү ролду ойнойт. Деңизге чыга албаган шарттарда кургактыктагы транспорттук коридорлордун мааниси объективдүү түрдө жогорулайт, алар туруктуу экономикалык өнүгүүнүн жана өлкөнүн дүйнөлүк соода тутумуна интеграциялануусунун негизги фактору болуп саналат.

Экономика жана коммерция министрлигинен "Кабар" агенттигине белгилешкендей, глобалдык жеткирүү чынжырларынын трансформациясы жана өсүп жаткан геоэкономикалык атаандаштык шартында Кыргызстандын Евразиянын ири базарларынын ортосундагы транзиттик звено катары ролу күчөдү.

Өлкөнүн аймагы аркылуу Кытайды, Борбордук Азия мамлекеттерин, Россияны, Түштүк Кавказ өлкөлөрүн, Түркияны, Европа биримдигин байланыштырган, ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана дүйнөнүн башка аймактарынын базарларына багытталган каттамдар менен айкалышууну камсыз кылган жолдор калыптанып, өнүгүүдө.

Бул багытта өткөрүү жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга жана жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга жөндөмдүү "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу" долбоорун ишке ашыруу өзгөчө мааниге ээ. Бул демилгелер Кыргызстандын эл аралык логистикалык чынжырларга натыйжалуу интеграциялануусуна негиз болуп, анын транзиттик потенциалын кеңейтет.

2

Ал Евразия транспорттук көпүрөсүнүн бир бөлүгү болуп, Түштүк-Чыгыш жана Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа базарларына чыгууну камсыз кылат деп болжолдонууда. Долбоордун ишке ашуусу жүктөрдү ташуу аралыгын жана мөөнөтүн кыскартууга, ошондой эле аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 4,7 млрд долларды түзөт, анын 50 пайызын Кытай, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан каржылайт. Каттамдын узундугу 305 чакырым болуп, татаал тоо рельефине байланыштуу 50гө жакын көпүрө жана 29 туннель куруу каралган.

Учурда Кыргызстандын аймагында темир жолду куруу иштерине 5,5 миңден ашык техника тартылып, 4 миңге жакын жумушчунун катышуусунда иштер жигердүү жүрүүдө. Долбоорду 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

3

Транспорттук байланышты чыңдоонун маанилүү элементи болуп альтернативдүү эл аралык каттамдарды, анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын (Орто коридор) өнүктүрүү саналат.

Кытайды, Борбор Азия өлкөлөрүн, Каспий чөлкөмүн, Түштүк Кавказды, Түркияны жана Европа биримдигин бириктирген бул коридор Азия менен Европанын ортосунда жүктөрдү жеткирүүнүн туруктуу жана диверсификацияланган багыты катары барган сайын чоң мааниге ээ болууда.

4

Аны өнүктүрүүгө аймактын өлкөлөрү гана эмес, эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсү, анын ичинде дүйнөнүн алдыңкы экономикалары, анын ичинде транспорттук байланышты жана туруктуу логистикалык чынжырларды өнүктүрүүнү колдогон Америка Кошмо Штаттары да кызыгуу көрсөтүүдө. Бул колдоо Глобалдык инфраструктура жана инвестиция боюнча өнөктөштүк (PGI) жана Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы (CLDP) сыяктуу демилгелердин жана программалардын алкагында ишке ашууда.

Кыргызстан үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Транскаспий коридоруна түштүк тараптан кирүүчү багыттарды өнүктүрүү экспорттук-импорттук жана транзиттик ташууларды кеңейтүүгө, ошондой эле мультимодалдык транспорттук тутумдарга интеграцияланууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Барскоон – Бедел унаа жолунун инфраструктуралык долбоорун ишке ашыруу жана кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел-унаа жолу" өткөрүү пунктунун иштеши транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө кошумча дем берет.

5

Бул каттам Кытайдын транспорттук тутумуна жаңы чыгуу жолун түзөт жана иштеп жаткан "Торугарт-унаа жолу" жана "Эркечтам-унаа жолу" өткөрүү пункттары менен бирге чек ара инфраструктурасын диверсификациялоого өбөлгө болуп, логистикалык агымдардын туруктуулугун жана ийкемдүүлүгүн жогорулатат.

Жалпысынан алганда, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык коридорлордун тармагын кеңейтүү Кыргызстан үчүн олуттуу экономикалык натыйжаларды берет. Бул транзиттик ташуулардын өсүшүн, логистикалык жана көмөкчү инфраструктуранын өнүгүшүн, инвестиция тартууну жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү камтыйт.

Кыргызстан транспорттук байланышты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык жана аймактык демилгелерге, анын ичинде БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасына (СПЕКА) жана "Бир алкак – бир жол" демилгесине ырааттуу катышып келет. Бул форматтардын алкагында транспорттук коридорлорду санариптештирүүгө, соода процедураларын жөнөкөйлөтүүгө жана маалымат алмашуунун заманбап стандарттарын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

6

Ошентип, транзиттик потенциалды чыңдоо жана эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялануу республикага Борбор Азиянын маанилүү логистикалык жана транспорттук борбору катары өз ролун ырааттуу түрдө бекемдөөгө мүмкүндүк берип, туруктуу экономикалык өсүш жана тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн узак мөөнөттүү өбөлгөлөрдү түзөт.