Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Кыргызстан глобалдык блокчейн лидерлеринин көңүл борборунда болууда. Бул тууралуу DeCenter Телеграм-каналы жазды.
Анда белгиленгендей, 2022-жылы кабыл алынган криптовалюта мыйзамдарынан кийин Кыргызстанга крипто миллиардерлер жана ири блокчейн компанияларынын кызыгуусу артууда.
"Эгерде мындай кызыгуулар улана берсе, Кыргызстан Борбор Азия үчүн Жакынкы Чыгыштагы Дубайдай крипто долбоорлорду ишке киргизүү, инвестицияларды тартуу жана жаңы санариптик экономиканы куруу үчүн аянтчага айланышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга бир нече сапар менен Binance эл аралык криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао келген. Бул ирет блокчейн-технологиялары жана криптовалюта чөйрөсүндөгү таанымал кытай ишкери, TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан өлкөдө болду.
Анда алар президент Садыр Жапаров менен жолугуп, глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүүнү талкуулашты.