Кыргызстан менен Беларустун ишкердик кызматташтыгы: Алаканы арттырууга колдоо көрсөтүлөт

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 11:05
56af1e39-7d1e-4604-ab01-b01045047f74.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун бизнес коомчулуктарынын кызматташтыгын арттырууга колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев кыргыз-беларусь бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ЕАЭБ, КМШ жана ЖККУга мүчө болуусу байланыштарды бекемдеп келет. Бул ишкердик өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Бүгүн форумдан кийин биз болжол менен 20 келишимге жана макулдашууга кол коюуну күтүп жатабыз. Булар конкреттүү долбоорлор. Алдыдагы айларда биз Кыргыз-Беларусь ишкер кеңешинин алкагында дагы кеңири кызматташууну арттырабыз деп ишенем", - деди ал.

Ошондой эле Темир Сариев өлкөдөгү ишкердиктин өнүгүшүнө токтолду.

"Биз жаңы технологияларды активдүү түрдө киргизип, жөнгө салуучу чөйрөнү ырааттуу түрдө жөнөкөйлөтүп жатабыз жана аймактагы инвесторлор үчүн эң жагымдуу салык системаларынын бирине ээбиз. Биз кызматташууга даярбыз. Соода-өнөр жай палатасы өз кезегинде өлкөлөрүбүздүн бизнес коомчулуктарынын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр, өнөктөштөрдү издөөгө көмөктөшөт, сүйлөшүүлөрдү колдойт жана туруктуу ишкердик байланыштарды түзүүгө жардам берет", - деп белгиледи ал.