Кыргызстан менен Беларустун соода жүгүртүүсү үч жылда эки эсеге өстү

Экономика Загрузка... 22 Июль 2026 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү акыркы үч жылда дээрлик эки эсеге өсүп, 2023-жылдагы 117 млн АКШ долларынан 2025-жылы 206,5 млн АКШ долларга жетти. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен болгон эки тараптуу жолугушууда билдирди.

Министр өз сөзүндө ата мекендик продукциянын Беларуска болгон экспорту 35 пайызга өскөнүн өзгөчө баса белгиледи.

Маалымдалгандай, соода-экономикалык байланыштар менен катар эле эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасы да бекемделүүдө. Акыркы эки жылдын ичинде эле өкмөттүк деңгээлде ар кандай тармактарды камтыган 27 эки тараптуу документке кол коюлган. Жээнбек Кулубаев соңку жылдары өз ара кызыкчылык туудурган багыттардагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп, системалуу мүнөзгө ээ болгонун белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев бул сапар өнөктөштүктү тереңдетүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

“Бүгүнкү жолугушуу бизге өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары боюнча пикир алмашууга жана кыргыз-беларусь мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечегин белгилөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди Жээнбек Кулубаев.