Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Египеттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча алгачкы консультациялар видеоконференц-байланыш аркылуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Анда белгиленгендей, кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, Египеттин өкүлдөрүн тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Хаддад Эль Гохари жетектеди.
Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, консулдук кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.
Ошондой эле алар 1963-жылдын 24-апрелинде Вена шаарында кабыл алынган Консулдук мамилелер жөнүндө конвенцияга ылайык, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Консультациялардын маанилүү темаларынын бири катары эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз убагында коргоону камсыз кылуу жана алардын эки өлкөнүн аймагында болушу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.