Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын мамлекеттик министри – тышкы иштер министринин орун басары Гюнтер Крихбаум менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий диалогду өнүктүрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара аракеттенүү маселелери каралды.
Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.