Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн, 3-апрелде саат 16:26лар чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жетти.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда, Баткен шаарынан 130 чакырым түштүктө жайгашкан.
Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык жана Каравшин айылдарында жердин силкинүүсү болжол менен 3 балл болду.
Учурда жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат жок.