Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Кытайдын ZTO Cloud Warehouse Science and Technology Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
"Делегация бизге жооп иретинде келген. Бул — Кытайга болгон сапарыбызда башталган кызматташтык ишенимдүү түрдө практикалык нукка өтүп жатканын көрсөткөн маанилүү белги болуп саналат.
Биз "Манас" эл аралык аэропортунда заманбап бонд зонасын түзүү жана интеллектуалдык логистикалык чечимдерди киргизүү боюнча кийинки кадамдарды кеңири талкууладык.
ZTO компаниясынын өкүлдөрү өздөрүнүн техникалык сунуштарын беришти жана долбоордун үстүндө жеринде иштөөгө толук даяр экенин тастыкташты. Алардын кесипкөй мамилеси жана аэропорттун потенциалына болгон жогорку кызыгуусу дагы бир жолу туура багытта бараткандыгыбызды далилдеди.
Бул долбоорду биргелешип ишке ашыруу "Манас" жүк ташуу инфраструктурасын жаңы деңгээлге чыгарып, Кыргызстандын регионалдык соодадагы ордун бекемдөөгө, ошондой эле өлкөдө электрондук коммерциянын жана логистиканын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна ишенем, - деди Манасбек Самидинов өз сөзүндө.