Кыргызстан санкциялык басымдын негизсиздигин далилдеп, бизнес кызыкчылыгын коргоду — эксперт

Пикир Загрузка... 07 Апрель 2026 20:25
2803387_a367048d8a4cb71eef4774d0089ab8a4_1.jpg

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров "Кабар" агенттигине Европа сотунун "Бакай Банк" ААКына каршы киргизилген санкциялык чектөөлөрдү негизсиз деп тапкан чечими тууралуу өз пикирин билдирди.

"Бул банк үчүн да, Кыргызстан үчүн да абройлуу жеңиш. Кыргыз тарап чет өлкөлүк сотто "Бакай Банк" санкцияларды айланып өттү деген айыптоолор толугу менен негизсиз экенин ишенимдүү далилдей алды.

Ошондой эле бул окуя Кыргызстанга жана анын бизнесине каршы финансылык басым көрсөтүүнү колдонгон тараптар үчүн маанилүү сабак. Жалпыланган айыптоолордун жана катуу риториканын ордуна дайыма конструктивдүү диалог болушу керек. Кыргызстан мында өзүн коргой аларын жана эл аралык укуктун нормаларын так сактай турганын дагы бир жолу көрсөттү.

Мындан тышкары, бул окуя саясий жана имидждик жактан да чоң мааниге ээ. Европа сотунда кыргыз банкына коюлган дооматтар далилденген жок. Кыргызстан буга чейин да коюлган айыптоолор боюнча так далилдерди сурап келген, бирок эч кандай фактылар көрсөтүлгөн эмес. Акыры сот бул маселеге чекит койду", - деп билдирди Абдыров.