Белгилүү азербайжандык саясат таануучу, дипломат жана Батыш Каспий университетинин профессору Фикрет Садыхов “Кабар” агенттигине Кыргызстандын тышкы саясаты, дипломатиялык мамилелери боюнча пикирин билдирди. Ал президент Садыр Жапаров жетектеп келе жаткан жылдарда өлкөдөгү өзгөрүүлөргө токтолуп, Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгы тууралуу да айта кетти.
Саясат таануучу Фикрет Садыховдун айтымында, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстанда бир катар реформалар жасалууда. Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, мамлекеттик башкаруу системасында кадр саясатынын принциптери өзгөртүлдү.
Ошондой эле серепчи Кыргызстан өз позициясын карманып, тышкы саясатын жүргүзүп келе жатат деп эсептейт.

“Кыргызстанда мамлекеттик башкарууда кадр саясатындагы принциптер, вертикалдык бийлик түзүмүндөрүндөгү баланс өзгөрдү. Мунун баары мамлекетте реформаларды жүргүзүүгө жол ачып бере алды. Менин көз карашымда, Кыргызстан тышкы саясатта тең салмактуулукту карманып келет. Айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү менен алакасын бекемдөөгө умтулууда. Ошондой эле Европа өлкөлөрү, АКШ менен өз ара байланышты өнүктүрүүгө маани берип жатат”, - деди ал.
Фикрет Садыховдун пикиринде, бул алакалардын арасында Азербайжан менен Кыргызстан дагы да жакындап, достук мамилеси өнүгүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашуулар, келишимдер, өлкөлөргө сапарлар Садыр Жапаровдун алдыга койгон чоң пландарын жүзөгө ашырууга шарт түзүүдө.

Серепчи белгилегендей, эки мамлекеттин ортосунда ондогон келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлган. Анын ичинде Достук жана кызматташтык келишими, Стратегиялык өнөктөштүк декларациясы бар. Мунун баары саясий-укуктук негизди түзүп, мындан аркы өз ара байланышты улантууга өбөлгө болууда. Кызматташтыкты арттырууда өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин ролу чоң.

“Көп жылдардан бери Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин катышуусунда бир катар иш-чаралар, жолугушуулар уюштурулуп, маанилүү макулдашууларга кол коюлуп келет. Мунун баары өз ара ишенимдин бекемделишин жана саясий тилектештикти күчөтүп, экономикалык, техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурастарын таанытууга мүмкүнчүлүк түзөт. Байыркы тарых бириктирип турган Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы алака да өнүгүүдө. Биздин маданиятыбыз, каада-салтыбыз окшош, ошондой эле бизди тил, дин байланыштырып турат. Буга байланыштуу биздин өлкөлөр заманбап шарттардагы эл аралык маселелерди кароодо жана тышкы саясий артыкчылыктарда бир позицияны карманып келет. Ал эми бул өз кезегинде түрк мамлекеттер уюумунун, ага мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө шарт түзөт”, - деп белгиледи саясат таануучу.