Кыргызстан жаңжалдарды дипломатия жолу менен жөнгө салууну колдойт – эксперт

Пикир Загрузка... 08 Апрель 2026 18:35
IMG_7295_MiML1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы тынчтык макулдашуусун кубаттады. “Бардык пикир келишпестиктерди БУУнун уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдеринин негизинде, өзгөчө саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууну колдоо менен Кыргызстан региондо туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүт артарын билдирет”, - деп тышкы саясий мекеменин билдирүүсүндө белгиленет.

Коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстан үчүн достук мамилелер түзүлгөн жана жалпы экономикалык кызыкчылыктар бар ондогон мамлекеттер жайгашкан аймактагы өнөктөштүк мамилелерде тынч жана туруктуу Жакынкы Чыгыш маанилүү.

“Жакынкы Чыгыш картадагы жөн эле бир чекит эмес, бул каржылык донор жана дүйнөлүк океанга чыгуунун альтернативдүү жолу. Кыргызстан Перс булуңундагы өлкөлөр, ошондой эле араб өлкөлөрү менен прагматикалык жана ишкердик мамилелерди түзүп, аларды колдоп келет. Булар татаал геосаясий лабиринтке түшүп калган биздин өнөктөштөрүбүз.

Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык канчалык тез орносо, мунай заттарына болгон баанын кескин көтөрүлүшүнөн улам келип чыккан дүйнөлүк экономикадагы турбуленттик зонасынан ошончолук эрте чыгабыз. Ошондуктан деэскалацияга карай жасалган ар бир кадам түздөн-түз экономикалык өсүшкө жана бейпилдикке, анын ичинде биздин республиканын ичиндеги туруктуулукка карата иштейт. Кыргызстан эл аралык аренада өз позициясында ырааттуу жана ар кандай чыр-чатактарды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайт”, - деп баса белгиледи Зайнидин Курманов.