Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Кыргызстан жер көчкү коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. 2026-жылдын 30-мартына карата республика боюнча 3800 үй-бүлө жер көчкү кооптуу аймактарда жашап келет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алардын 2415и мамлекет тарабынан жер тилкеси бөлүнүп, тийиштүү жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, коопсуз аймактарга көчө элек.
Жер көчкү кооптуулугу эң жогорку аймактардагы тургундар Ош облусунда катталган. Облуста мындай шартта 2396 үй-бүлө жашайт. Алардын ичинен 1475 үй-бүлө азыркыга чейин коопсуз жерге көчүп чыга элек.
Жер көчкүлөр негизинен жаз мезгилинде кардын эриши жана нөшөрлөгөн жаандын таасиринен активдешет. Ошол эле учурда күз айларында узакка созулган жаан-чачын да бул коркунучту күчөтүшү мүмкүн.
Министрлик жарандарды мындай кооптуу аймактарда жашабоого, эскертүүлөрдү так аткарууга жана коркунуч жаралган учурда өз убагында коопсуз жайларга көчүүгө чакырат.