Кыргызстанда Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борбору ачылат

Борбор Азия Загрузка... 06 Апрель 2026 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борбору ачылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу коңшу мамлекеттер үчүн да жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган демилге Татарстандын Казань шаарында өткөн “Энергопром” эл аралык форумунун алкагында көтөрүлдү.

Форумда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен Татарстандын “Тармактык компания” ААК ортосунда Кыргызстанда чыңалуу астында жумуштарды аткаруу технологиясын өнүктүрүү жана ишке киргизүү, анын ичинде адистештирилген окуу борборун түзүү боюнча кызматташуу тууралуу маанилүү документке кол коюлду.

Макулдашуу Кыргызстанда электр тармактарын өчүрбөстөн тейлөөгө мүмкүндүк берген чыңалуу астында иштөө технологиясын системалуу түрдө киргизүүгө багытталган. Анын алкагында өлкөдө адистештирилген окуу борбору түзүлүп, энергетика тармагындагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу камсыздалат.

Муну менен катар улуттук шарттарга ылайык нормативдик-укуктук база иштелип чыгып, электр орнотмолорун өчүрбөстөн эксплуатациялоонун заманбап ыкмалары киргизилет.

Аталган документ 2017-жылдын 15-декабрындагы Кыргызстан менен Татарстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга каралган иш-чаралар планынын алкагында жүзөгө ашырылууда.