Япон тажрыйбасы: Кыргызстанда ишкердик үчүн бирдиктүү экосистема түзүлөт

Экономика Загрузка... 20 Июль 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Япониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, чакан жана орто бизнести колдоонун жаңы этабын талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, Беназир Нурланова JICA жана Кыргыз-япон борборунун (KRJC) аймактардагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, бизнес-билим берүү менен мамлекеттик субсидияланган кредиттердин айкалышы ишкерлерди колдоодо олуттуу натыйжа берерин белгиледи.

Ошондой эле KRJCнин аймактардагы окутуу программаларына өзгөчө көңүл буруусу Министрлик жооптуу болгон аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат менен шайкеш келери белгиленди.

Нурланова "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун ийгилигин белгилеп, анын мыкты тажрыйбаларын институционалдаштыруу жана ишкердикти колдоонун бирдиктүү экономикалык саясатына интеграциялоо пландалып жатканын айтты.

"Кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири катары Кепилдик фондунун базасында кредиттик-кепилдик системасы боюнча Япониянын алдыңкы тажрыйбасын киргизүү каралууда. Бул бизнес үчүн туруктуу каржылоону камсыздоого багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда ошондой эле министрликтин "ЧОИ-Хабын" түзүү боюнча негизги демилгеси талкууланды. Мындай бирдиктүү экосистема билим берүү аянтчасын, өндүрүштүк-логистикалык базаны жана "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштеген Ишкерлерди тейлөө борборун бириктирет.

Япон тарап ишкердик субъекттерин колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты колдой турганын билдирип, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган программаларды биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чакан жана орто ишкердикти колдоонун финансылык жана финансылык эмес инструменттерин айкалыштырган техникалык кызматташтыктын жаңы долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашты.