Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн айыл чарбасында өстүрүүгө уруксат берилди

Президент Загрузка... 22 Май 2026 11:20
1095588882_0_145_3125_1903_1920x0_80_0_0_6e9f0828a67001455b53df7a05074504.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган. Документ Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүн өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана туруктуу пайдаланууну өнүктүрүү үчүн комплекстүү укуктук негиз түзүү максатында иштелип чыккан.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү укугуна ээ болушат. Алардын катарында валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп жана лаванда сыяктуу өсүмдүктөр бар.

Ошол эле учурда, коопсуздук чараларынан улам, аконит (уу коргошун) өсүмдүгүн турак жай зоналарына жана социалдык объекттерге (мектеп, оорукана, бала бакча ж.б.) жанаша жайгашкан аймактарда өстүрүүгө катуу тыюу салынат.

Мыйзам талаптарына ылайык, өлкө аймагында жапайы дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында өстүрүү үчүн пайдаланууга жол берилет жана бул үчүн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн эч кандай акы алынбайт.

Андан сырткары, өзгөртүүлөр агроазыктүлүк секторуна прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүүнү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин чыгарууну жана үрөн чарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун негизги багыты катары карайт. Мал чарбачылыгында болсо селекциялык-генетикалык усулдарды заманбапташтыруу максатында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.