Садыр Жапаров Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасын кабыл алды

Президент Загрузка... 21 Май 2026 18:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Чолпон-Ата шаарында Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегелди кабыл алды.

Эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, анын ичинде техникалык өз ара аракеттенүү, эксперттик тажрыйба алмашуу жана финансылык-банктык чөйрөдө алдыңкы эл аралык стандарттарды киргизүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Улуттук банктын институционалдык дараметин өнүктүрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана иш тажрыйбасына алдынкы стандарттарды киргизүү – биздин артыкчылык берген маселелерибиздин бири экенин баса белгиледи.

Ал Швейцариянын борбордук банкынын бул чөйрөдөгү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экенине токтолуп, эки каржы институтунун ортосундагы биргелешкен аракеттерди иш жүзүндө улантууга кызыкдарлык билдирди.

Эл аралык резервдерди башкаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров бул тармакта Швейцариянын Улуттук банкынын жогорку кесиптик тажрыйбасын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да кызматташтыкты чыңдоого, кесиптик ыкмаларды алмашууну кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн тиешелүү адистеринин ортосунда үзгүлтүксүз диалогду колдоого даяр экенин ырастады.

Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель өз кезегинде Кыргызстанга болгон биринчи сапарына кубанычта экенин белгилеп, эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады.

Ал 90-жылдардан баштап Швейцариянын Улуттук банкынын эксперттери Кыргыз Республикасынын Банкына жаңы валюта — сом киргизүү маселе боюнча кеңеш беришкенин эске салды. Учурда Мартин Шлегель белгилегендей, сом региондогу эң күчтүү валюталардын бири болуп саналат.

Ошондой эле ал Швейцариянын борбордук банкынын кыргыз тарап менен техникалык өнөктөштүктү улантууга даярдыгын баса белгилеп, Кыргызстандын экономикалык өсүш темпи Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин айтты.

Жолугушуунун соңунда Мартин Шлегель Ысык-Көл облусуна болгон сапарынан алган таасирлери менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун, тоолуу пейзаждарын жана Ысык-Көл көлүн өзгөчө белгиледи.