Кыргызстанда ислам принциптерине негизделген такафул-камсыздандыруу ишке кирет

Коом Загрузка... 03 Март 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-03-03 at 15.32.00.jpeg

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК жана "Айыл Банк" ААК такафул-камсыздандыруу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өнөктөштүк Кыргызстанда ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүгө жана банктын кардарлары үчүн камсыздандыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган.

Кардарлар мурабаха жана ижара аркылуу алган же күрөөгө коюлган мүлктөр шарият талаптарына ылайык такафул модели боюнча камсыздандырылат.

Программага унаа, айыл чарба жана атайын техникалар, жабдуулар, турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк объекттери кирет. Ошондой эле өрт, табигый кырсыктар, үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттери сыяктуу тобокелдиктердин кеңири тизмеси камтылган.

Келишимдин алкагында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму полистерди тариздөө, келишимдерди коштоо жана камсыздандыруу учурунда төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү камсыздайт. Бул кадам тараптардын өлкөдөгү ислам каржылоо инструменттерин өнүктүрүү жана финансылык туруктуулукту жогорулатуу боюнча стратегиялык максатын чагылдырат.

Такафул — бул ислам каржылоо принциптерине негизделген камсыздандыруу системасы. "Такафул" термини арабча "кафала" (бири-бирин камсыздоо же өз ара жоопкерчилик) деген сөздөн келип чыккан.