Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн туристтик аймактарында коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн тартылган Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүктөрүнүн гарнизондук ачылышына катышты.
"Бүгүн биз гарнизондук ачылышты өткөрүп, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти күчөтүп жатабыз. Бардык туристтик аймактардагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн, күнү-түнү иштөө режимине өтүшөт. Сиздерге бул жооптуу жана татаал ишиңиздерде ийгилик каалайм. Укук бузуулардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери натыйжалуу болсун", - деди министрлер кабинетинин башчысы.
Ал президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасы менен былтыр түзүлгөн Бирдиктүү коопсуздук кызматы буга чейин эле оң натыйжаларды көрсөткөндүгүн белгиледи. Ички иштер министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунда Туристтик-экологиялык милиция кызматы түзүлгөн. Адылбек Касымалиев анын иши үчүн унаалар, мототехникалар, сууда, тоодо, жаратылыш аймактарында патрулдук кылуу үчүн атайын каражаттар сатылып алынганын айтып сөзүн улантты.
Ушул жылы материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иштер улантылып, атап айтканда, жаңы транспорт жана техникалык каражаттар сатылып алынды. Республика боюнча коомдук коопсуздукту чыңдоо максатында 10 миң видеокамера орнотулуп, алар коомдук жайларды, туристтик аймактарды жана башка объектилерди күнү-түнү көзөмөлдөйт.
Ушул жылдын май айында Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жол коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 370 кызматтык унаа жана жүздөгөн заманбап санариптик техникалар берилген.
"Технологиялар өнүккөн сайын, биз коопсуздукту камсыздоодогу ыкмаларыбызды түп-тамырынан жаңыртып жатабыз. Бул жүздөгөн кылмыштарды жана миңдеген укук бузууларды алдын алууга мүмкүндүк берет", - деди ал.
Минкаб төрагасы өз сөзүндө туризм Кыргызстандын улуттук экономикасынын өсүшүнүн негизги булактарынын бири экендигин баса белгилеп, өлкөгө келген конокторго улуттук меймандостукту, боорукер мамилени жана сапаттуу тейлөөнү көрсөтүү менен элибиздин жана мамлекетибиздин оң имиджин түзүүгө болоорун кошумчалады.
Ал өзгөчө алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына токтолуп, коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоонун зарылдыгын белгиледи. Адылбек Касымалиев айлана-чөйрөнү сактоонун маанилүүлүгүн да белгиледи. Бул контекстте ал Ысык-Көлдүн акваториясын коргоо, пляждарда коопсуздукту камсыздоо, балыкты мыйзамсыз кармоону токтотуу, торлорду орнотуу жана мурда орнотулган торлорду тазалоо боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.
Браконьерчиликке жана жапайы жаныбарларды мыйзамсыз жок кылууга каршы күрөшүү үчүн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында атчан взвод түзүлгөн. Туристтик-экологиялык милициянын ушундай бөлүмдөрү өлкөнүн башка аймактарында да иштеп жатат.
Мындан тышкары, жумушчу сапарынын алкагында минкаб башчысы Ысык-Көл көлүнүн экосистемасын коргоону камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Көлдин түбүнөн браконьердик балык уулоочу торлор алынды.