Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 22 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда1, Ош шаарында 1 өрт катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.
Өрт кырсыгы катталган жерден 260 адам эвакуацияланган.