Кыргызстанда ЖМК жана интернет аркылуу мазактоо үчүн айып пул киргизилди

Загрузка... 31 Январь 2025 11:52
WhatsApp Image 2025-01-31 at 11.53.21.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп саналат.

Мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти караган 1071-берене менен толуктап, бул жосундар үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.