Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүздү.
Ведомствонун талдоосунда көрсөтүлгөндөй, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда бир катар социалдык маанилүү азыктардын баасы туруктуу сакталып, атүгүл төмөндөгөнү байкалууда. Атап айтканда:
- жумуртка – 2,5 пайыз;
- каймак май – 1,7 пайыз;
- ун жана нан азыктары – 0,1 пайыздан 1,4 пайызга чейин;
- эт (уй жана кой эти) – 0,2-0,3 пайыз;
- сүт жана кумшекер – 0,1-0,3 пайыз.
Ал эми сабиз менен өсүмдүк майы 0,1-0,3 пайызга гана кымбаттаган.
Казакстанда жаңы чыккан жаш пияздын баасы 32 пайызга көтөрүлгөн. Ошондой эле күрүч, сабиз, кумшекер жана сүт азыктары 3-4 пайызга кымбаттаган.
Россияда болсо сүт, сабиз, кумшекер, картошка жана эт азыктарынын баасы 0,1 пайыздан 1,4 пайызга чейин жогорулаганы байкалды.
Белгиленгендей, мындай салыштырмалуу мониторинг өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө жана баалардын кескин өсүп кетпөөсүн алдын алуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.