Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) башкы кеңсесинин Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директорунун улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн жыйынтыктарын талкуулап, кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти.
Анда “Бир айыл – бир продукт” долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Демилгенин ишке ашырылышы эл аралык сапат стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияны өндүрүүнү жолго коюуга, ошондой эле региондордун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө шарт түздү.
Беназир Нурланованын айтымында, учурда долбоорго өлкө боюнча 3500 катышуучу тартылган. Бренддик продукцияны өндүргөн 107 цех иштеп жатат. Долбоордун алкагында 2774 түр товар иштелип чыгып, Япония, Кытай, Корея, АКШ, Германия, БАЭ жана башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыгарылууда.
Белгиленгендей, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн тигүү тармагындагы алдыңкы япон компаниялары менен тажрыйба алмашууну уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Бул демилгени Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) аркылуу ишке ашыруу пландалууда. Бул кыргызстандык ишкерлерге алдыңкы япон технологияларын жана сапатты башкаруунун заманбап стандарттарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле тараптар аймактык деңгээлде тренингдерди өткөрүү аркылуу жергиликтүү адистердин потенциалын жогорулатууга даяр экендиктерин ырасташты.
Белгиленгендей, JICA отуз жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келе жатат. Бул мезгил ичинде япон тараптын колдоосу менен экономиканын негизги тармактарында, анын ичинде айыл чарба, санариптик трансформация, инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана кадрларды даярдоо багыттарында кеңири долбоорлор ишке ашырылган.