Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Эрмек Саматов Химия боюнча 58-эл аралык олимпиадада (International Chemistry Olympiad, IChO) коло медаль жеңип алды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, ал "Аалам" эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу.
Олимпиада 10-19-июль күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген эң мыкты окуучулар катышып, химия боюнча теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Команданы профессор Тынчтык Аматов, Элбрус Тажибаев, Иван Решетников, Максатбек Кахрамановдор машыктырып, жетекчилик кылышты.