Кыргызстан Япониянын бала тарбиялоо тажрыйбасын колдонууга кызыкдар

Билим Загрузка... 14 Июль 2026 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле Япониянын алдыңкы билим берүү уюмдары жана компаниялары менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын Япониянын алдыңкы тажрыйбасын, айрыкча балдарды тарбиялоо, алардын өз алдынчалуулугун өнүктүрүү жана эрте жаштан баштап негизги көндүмдөрдү калыптандыруу жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө жана колдонууга кызыкдар экенин белгиледи.

"Билим берүү тармагындагы кызматташтык эки өлкө үчүн чоң мааниге ээ. Биз Япониянын расмий органдары менен өз ара кызматташууну мындан ары да чыңдоого, анын ичинде эки өлкөнүн агартуу министрликтеринин ортосунда расмий өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө даярбыз", – деди министр.

Ал белгилегендей, тиешелүү ведомстволор аралык макулдашууга кол коюу тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө, билим берүү дипломатиясын чыңдоого жана глобалдык экономиканын шартында сапаттуу адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болот.

Элчи Хирано Рюити билим берүү тармагындагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди.