Кыргызстандын эгемендик жөнүндөгү декларациясы – жаңы доордун башаты

Пикир Загрузка... 12 Декабрь 2025 13:40
1042280442_0_93_240.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. Бул 1991-жылы Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнө чоң кадам эле.

Улуттук илимдер академиясынын Конфликтология жана саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов “Кабар” агенттигине 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алынган эгемендүү Кыргызстандын биринчи декларациясынын маанилүүлүгү боюнча көз карашын билдирди. Анда ал 35 жыл мурун өлкөнүн Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган акт маанилүү тарыхый документ экенин белгиледи.

Мамытовдун айтымында, 1990-жылдын аягы Советтик Союз формалдуу түрдө дагы жашап турганы менен, саясий, социалдык жана экономикалык биримдиги ыдырап бара жаткан тарыхый маанилүү бурулуш учур катары белгилүү болду. Мындай шартта 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик эгемендиги жөнүндө Декларациянын кабыл алынышы жаңы көз карандысыз мамлекет — Кыргыз Республикасынын пайда болушуна жол ачкан алгачкы жана негизги кадамдардын бири катары саналды..

1042280442_0_93_240.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Дээрлик 35 жыл өткөндөн кийин, ошол мезгилдин окуялары бир гана тарыхый эскерүүнү эмес, заманбап илимий-саясий баалоону да талап кылат. Анткени бул декларация символикалык документ эле эмес, Кыргызстанды он жылдаган мезгилге багыттап берген институционалдык пайдубал болгон.

Саясий илимдердин доктору 1990-жылдын аягы үч ири кризистин кесилишинде өткөнүн белгилейт, алар:

  • Экономикалык кризис — союздук республикалар ортосундагы чарбалык байланыштардын үзүлүшү, тартыштыктар, гиперинфляция, өндүрүштүн кескин төмөндөшү;
  • Социалдык кризис — жашоо деңгээлинин төмөндөшү, этностор аралык чыңалуулар, бийликке болгон ишенимдин азайышы;
  • Саясий кризис — Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын легитимдүүлүгүнүн түшүшү жана союздук борбордун башкаруу жөндөмүнүн жоголушу.

Ушундай кырдаалда эгемендик жөнүндө декларацияларды кабыл алуу республикалар үчүн өз ыйгарым укуктарын жана ресурстарын коргоонун объективдүү жолу болуп калды. Кыргызстан да бул процесстин сыртында калган жок. Ал Борбор Азия республикаларынын ичинен суверенитетти ачык жана юридикалык түрдө бекемдеген алгачкы өлкөлөрдүн бири болду.

1990-жылдын 15-декабрындагы декларациянын негизги принциптери:

- Республиканын аймагындагы мамлекеттик бийликтин жогорку артыкчылыгы. Бул союздук борбордун ыйгарым укуктарын чектеп, республиканын саясий субъекттүүлүгүн бекемдеди.

- Көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзүү укугу. Ал мезгилде бул өтө орчундуу кадам болгон, анткени союздук дипломатия, коргоо, коопсуздук органдары толук көзөмөлгө ээ эле.

- Кыргызстандын эли — улутуна карабастан мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы экенин таануу. Бул норма кийин Конституциянын өзөгүнө айланып, жарандык иденттүүлүктүн пайдубалын түздү.

- Экономикалык жана саясий көз карандысыздык чараларын даярдоочу комиссия түзүү. Бул пункт декларациянын иш жүзүндөгү маанисин көрсөттү: документ декларативдүү эмес, конкреттүү иш-аракеттерди баштап берди.

Токон Мамытовдун баамында, бул мезгилде коомдо өзгөрүүгө болгон үмүт, жаңыланган СССРдин сакталып калышына ишеним, кризистен чарчоо жана алдыда келе жаткан чоң өзгөрүүлөрдүн масштабын толук түшүнбөө учурлары да болду.

“Муну айрыкча 1991-жылдын март айындагы референдум тастыктайт: Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү СССРди сактап калууну колдогон. Бирок, бир нече айдан кийин август окуялары жана Беловежье келишимдери бул мүмкүнчүлүктү толугу менен жойду. Бүгүнкү көз караштан алып караганда, декларация стратегиялык алдын ала көрө билүүнүн документине айланганын айтуу адилеттүү: ал мамлекеттин институттарын жаңы тартипке өтүүгө даярдаган”, - дейт ал.

Ошондой эле Мамытов декларациянын кабыл алынышынын стратегиялык натыйжаларына токтолуп өттү.

“Мында Кыргызстан институционалдык боштукка кабылбай калды. Кээ бир мурдагы союздук республикаларда СССР тараганда конституциялык, башкаруучулук боштуктар пайда болгон. Кыргызстанда мындай боштук болгон жок. Ал эми тышкы саясатта болсо, көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында өлкө көп векторлуу саясатты иштеп чыгып, Россия, Кытай, АКШ жана аймактык мамлекеттер менен тең салмактуу мамилелерди түзө алган. Борбор Азияда Кыргызстан тынч, эрте жана салыштырмалуу жумшак жол менен көз карандысыздыкка өтүүдө үлгү болду”, - деп белгиледи Токон Мамытов.

Декларациянын бүгүнкү күндөгү баасы кандай?

- Декларация — улуттук өз тагдырын аныктоонун алгачкы актысы;

- Жаңы мамлекеттин алгачкы саясий жана интеллектуалдык элитасын калыптандырды;

- Советтик укуктук талаа менен жаңы конституциялык түзүлүштүн ортосунда “көпүрө” болду;

- Мамлекеттик укуктук мураскердикти камсыз кылды, бул эл аралык таанылууда да, ички саясий туруктуулукта да маанилүү болду;

- Документ ал мезгил үчүн стратегиялык алыс көрө билүүнүн мисалы.

35 жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү бир нече татаал тарыхый баскычтарды басып өттү. Глобалдык жана региондук сыноолор токтобой, идеологиялык жана экономикалык чакырыктар өзгөрүүдө. Бирок бул шарттарда мамлекеттин пайдубалын эске албай коюу мүмкүн эмес.

1990-жылдын 15-декабрындагы өлкөнүн эгемендик жөнүндөгү декларациясы — бул жөн гана тарыхый документ эмес. Бул Кыргызстандын жаңы доорунун башаты, саясий эрктин жана мамлекеттик акылмандыктын үлгүсү. Ал символ катары гана эмес, инструмент катары да өлкөнү XX кылымдын эң чоң геосаясий учурларынан чыгарып, көз карандысыз өнүгүүгө шарт түздү.